Кыргызстанда буудайдын баасы бир жылда орточо 39,3%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Быйыл июль айында буудайдын орточо баасы 29,15 сомду түзүп, былтыркыга караганда 8,2 сомго өскөн.
Буудайдын баасы баарынан Бишкек (31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында кымбат болгон. Чаек айылында (18 сом) жана Каракол (20,87 сом) менен Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында буудай башка жерлерге караганда арзан турган.
Быйыл июлда өткөн айга салыштырмалуу буудай 3,4 сомго же 13,1%га кымбаттаган.