Биз менен байланышыңыз

Бакудан Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Кыска кабар | 17 Июл 2021 | 283 | 0

Кечээ, 16-июлда Бакудан Бишкекке AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, COVID-19 коронавирустук вакцинасына каршы күрөшүүнүн алкагында «Манас» эл аралык аэропортуна Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алышты.

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган гуманитардык жардамды берүү тууралуу келишим тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин быйыл 1-3-июлда Азербайжан Республикасына расмий иш сапарынын алкагында жетишилген.

Белгилей кетсек, бул азербайжандын өнөктөштөр Кыргызстанга жиберген биринчи жардамы эмес. Өткөн жылы апрелде дагы 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар келген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM