Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун алдындагы унаа бекетин иштеткен компания эскертүү алды

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 1213 | 0

Монополияга каршы агенттик «Манас» аэропортунун алдындагы унаа токтотуучу жайга 15 мүнөткө акысыз кирүү убактысын алып салууну каалаган «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсына эскертүү берди.

Агенттик аталган компания акысыз 15 мүнөттү алып сала турган болсо, рыноктогу үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдаланарын аныктаган. Мындан улам компанияга монополияга каршы мыйзамды бузууга жол берилбестиги эскертилген.

Эскерте кетсек, буга чейин 20-июлдан тарта «Манас» аэропортунун алдындагы унаа токтотуучу жайга 15 мүнөткө кирүү акысыз болбой турганы кабарланган.

20-июлдан тарта “Манас” аэропортунун алдындагы унаа токтотуучу жайга кирүү акысыз болбой калат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM