Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоого катышкан партиялар канча акча коротту?

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 777 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 млн 253,6 миң сом сарптады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Партиялардын шайлоо фонддорунда жалпы 44 млн 308,7 миң сом чогулган. Бишкектеги партиялардыкында – 34 млн 343,3 миң, Ош шаарында – 7 млн 810,6 миң жана Токмокто – 2 млн 154,7 миң сом.

Ал эми шайлоо өнөктүгүнө партиялар 44 млн 253,6 сом чыгымдаган. Бишкектеги партиялардын чыгымы 34 млн 342,1 миң, Ош шаарында 7 млн 770,6 миң жана Токмокто 2 млн 140,7 миң сомду түзгөн.

Анын ичинде партиялар шайлоо күрөөсү үчүн 1 млн 470 миң сом төккөн: Бишкекте – 900 миң, Ош шаарында – 450 миң жана Токмокто – 120 миң сом. Бишкек менен Ош шаарында ар бир партия шайлоо күрөөсү үчүн 50 миң сомдон, ал эми Токмокто 20 миң сомдон төлөгөн.

Эскерте кетсек, Бишкекте кайра шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышты.

Copyright © 2017 Maral FM