Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Кытайдан 1 млн 250 миң доза вакцина алып келинди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 485 | 0

Бүгүн, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 млн 250 миң доза «Синофарм» вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Анын 1,1 млн дозасын өкмөт сатып алган, калган 150 миң дозаны Кытай кайтарымсыз жардам катары берген.

1 млн 250 миң доза вакцина 625 миң адамды эмдөөгө жетет.

Кыргызстанда калктын 70 пайызын, же 2 миллион 187 миң 417 адамды эмдөөдөн өткөрүү керек. Анын ичинде артыкчылыктуу топтогу 1 млн 312 миң 450 адам эмдөөдөн өтүүсү зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM