Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкектеги кайра шайлоодо 6 кылмыш катталды

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 795 | 0

Бүгүн, 11-июль саат 13.00гө карата Ички иштер министрлигине добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 40 маалымат түштү. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифингде кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 32 маалымат, Ош шаары боюнча 2, Токмок шаарындагы мыйзам бузуулар тууралуу 6 даттануу түштү.

Султан Макиловдун айтымында, бүгүн келип түшкөн маалыматтардын алтоо кылмыш катары Бишкек шаарында катталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

ИИМ шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери 59 фактыны каттаган. Бишкек шаары боюнча 18, Ош шаары 19, Токмок шаары боюнча 22 факты катталган. Бөлүп караганда, 23ү кылмыш, 9 жорук.

Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 6 кишиге шектүү катары кабарлама берилди, анын үчөө саясий партиянын талапкери, үчөө партия өкүлдөрү. Эки кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Бишкек шаарындагы добуш сатып алууга байланыштуу эки адамга шектүү катары кабарлама берилди, материалдар жакын арада сотко жөнөтүлөт.

Бишкек, Ош, Токмок шаарында 3200 милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоого бөлүнгөн. Бишкекте 2400 кызматкер күчөтүлгөн тартипте иштөөдө, Ош шаарында 677, Токмокто 128 кызматкер иштөөдө.

Мындан тышкары, 150дөн ашык кызматкер мыйзам бузуулар менен жеринде иштеп жатат. Ошондой эле, 596 элдик кошуундун өкүлдөрү тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM