Биз менен байланышыңыз

Чек арачылардын кагылышында курман болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 3228 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда каза тапкан Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июлда жерге берилди. Бул тууралуу «Маралга» айылдашы билдирди.

Хуснидин Хожиев 1994-жылы Лейлек районунун Бешкент айылында туулган. 27 жаштагы аскер кызматкеринин артында эки жаштагы бир уулу калганын, келинчеги кош бойлуу экенин «Азаттык» сайты жазды.

Эскерте кетсек, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө Чашмагилдан ашуусу жакта Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларына күтүүсүз кол салып, эки тараптын ортосунда атышуу болгон. Куралдуу кагылыштан каза тапкан Кыргызстандын аскер кызматкери Хуснидин Хожиевди жана дагы бир аскер кызматкерин тажиктер өз аймагына алып кирип кеткен.

Кечээ, 9-июлда эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин туткундалган прапорщик З. Умаровду жана курман болгон аскер Хуснидин Хожиевдин сөөгүн тажик тарап Кыргызстанга өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM