Биз менен байланышыңыз

Инанды. Депутаттар түрк ЖМКларына ыкчам жооп берүүнү талап кылышты

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 1077 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, адам укугун коргогон Human Rights Watch эл аралык уюму кыргызстандык Орхан Инандынын уурдалганы тууралуу үч версия жазды.

Биринчиси, Кыргызстандын бийлиги Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалганын билбей калды; экинчиси, түрк президенти Эрдогандан коркуп өткөрүп берген; үчүнчүсү, уурдалышына өзү да аралашкан.

Депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовго кайрылып, «Бул айтылгандар текшерилеби?» — деген суроо койду.

Калматов күч кызматкерлери иштеп жатат деген жооп менен чектелди.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев:

— Түркиянын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары: «Орхан Инандыны Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы өзү өткөрүп берди», — деп жазышканда, биз бул маалыматты жокко чыгарууну тапшырганбыз. Комитеттин чечими да бар, Жогорку Кеңештин токтому да чыккан. Эмнеге жокко чыгарган жоксуңар? Корктуңарбы, же духуңар жетпедиби, же чыны менен ушундайбы?

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев:

— Бул боюнча иш жүрдү. Элчиликтерге тапшырма берилип, бардык массалык маалымат каражаттарына зарыл болгон маалыматтарды берип жатышты, түшүндүрүү иштери болду.

Депутат Жанар Акаев да түркиялык маалымат каражаттары тарабынан жарыяланган маалыматтарга ыкчам жооп берилбей жатканын сындады. 

«Түркиянын сайты: «Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматы кармап берди», — деп жазып жатышат, унчуккан жоксуңар. Бул социалдык тармактарда жазылган комментарий эмес. Муну маалымат агенттиги жазды. Моюнга алгансып отурасыңар. Бүгүн салмактуу бир гезит: «Бул Садыр Жапаровдун сапарынын алдында белек катары берилди», — деп жазып чыкты. Ушунун баарына унчукпай, чыдап отурасыңар. Миллиондогон тираж менен чыккан гезиттер, сайттар жазып жатат. Буга ыкчам жооп кайтаргыла да. Мынчалык мажирөө болбогула да», — дейт Акаев.

Депутат ошондой эле кыргызстандык жаран Орхан Инандынын күнөөсү болсо, Кыргызстандын ичинде жоопко тартуу зарылдыгын кошумчалады.

Парламентте бүгүн кыргызстандык жаран Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Copyright © 2017 Maral FM