Биз менен байланышыңыз

Дипломат: Бийлик Орхан Инанды тууралуу ачык билдирүү жасашы керек

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 1901 | 0

Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени расмий жарыяланды. Ал 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга жасаган иш сапарында Орхан Инанды боюнча маселе көтөрүлүп, бирок түрк бийлиги ал тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

Бүгүн Тышкы иштер министрлигине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган чакыртылганы кабарланды.

Дипломат, Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстандык жарандын уурдалышы тууралуу бийлик ачык билдирүү жасашы керек деген ойдо.

Себеби бул бир гана Орхан Инандынын окуясы эмес, жалпы кыргызстандыктардын коопсуздугун ойлонткон маселе болуп жатат.

— Ар кандай окуялар болгондо мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр жүрөт, ачык же жең ичинен сүйлөшүүлөр болот. Бирок бул сүйлөшүүлөрдө ар бир мамлекет үчүн «кызыл сызык» болот. Аны аттап өтүү мүмкүн эмес, эгер ошол «кызыл сызыкты» аттаса, дүйнөлүк деңгээлде аброю түшөт. Ошол «кызыл сызык» бул Орхан Инанды эле эмес, жалпы кыргызстандыктарга бийликтин кылган мамилеси. Бизде ар бир жарандын өмүрү Башмыйзам менен кепилденген. Ар бир жаран мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан кыргыз бийлиги азыркы окуяны сөзсүз ачыкташы керек.

Менин оюмча, бийликтин эки эле жообу болот. Биринчиси, «Туура, биз сүйлөшкөнбүз, Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп бердик. Себеби мындай», — деп түшүндүрүп бериши мүмкүн. Экинчиси, «Жок, түрктөр келип, бизден уруксат сурабастан, каалагандай алып чыгып кетишти. Бул үчүн атайын кызмат жазаланат», — деген жооп болушу мүмкүн. Күтө туралы.

Орхан Инанды 31-май кечки саат 21:00дө Бишкекте дайынсыз жоголгон. Аны издөөнү өлкө башчы Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алганы айтылган.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күч органдарына тапшырган. ИИМ «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин маалыматы боюнча, Орхан Инанды 1968-жылы Түркияда Кахраман Мараш шаарынын Андырын районунда туулган.

Тарых мугалими, Анкарадагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алган.

Кыргызстанга келгенге чейин Анкара, Трабзон шаарларында мугалим, мектеп директору болуп иштеген.

Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет. 2001-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти болуп иштеп келе жатат.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштөөдө. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Орхан Инанды Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM