Биз менен байланышыңыз

«Сапат» мекемеси «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанат өткөрөт

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 1204 | 0

«Сапат» билим берүү мекемеси быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

Быйыл ЖРТдан өлкө боюнча жалпы 58 окуучу «Алтын сертификат» алган. Анын ичинде «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10 бүтүрүүчүсү да бар.

Эртең, 1-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президенттин «Алтын сертификат» тапшыруу салтанаты өтөт.

Буга удаа «Сапат» билим берүү мекемеси «Алтын сертификат» алган 10, жогорку балл алган 2 бүтүрүүчүсү катышкан салтанаттуу иш-чара уюштурат. Салтанатта лицейлердин директорлору, мугалимдер, ата-энелер куттуктоо сөздөрүн айтып, окуучуларга белектер берилет.

Иш-чара Бишкек шаарынын Масалиев көчөсү, 26 дарегиндеги «Юнайтед Ворд» эл аралык мектебинде саат 13:00дө болот.

Аты-жөнү Лицей Баллдары Эскертүү
1. Жайдар Нургазиев Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей 232
2. Жаңыл Акматова Талас, «Мээрим» окуу комплекси 223
3. Лейла Газизова Бишкек, «Айчүрөк» лицейи 223
4. Жанболот Кубанычбеков Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей 222 2019-2020
5. Эрхан Тургунбаев Ош, «Сема» лицейи 221 2019-2020
6. Дастан Акатов Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей 220
7. Бекмырза Бакытбек уулу Нарын, М.Субакожоев атындагы лицей 220
8. Актан Календеров Жалал-Абад, Курманбек баатыр лицейи 220 2018-2019
9. Маратбек Арапов Кадамжай, «Семетей» лицейи 219
10 Бекбол Ормотоев Талас, «Манас-Ата» лицейи 219
11 Адил Асанакунов Ысык-Көл, Х.Карасаев атындагы лицей 216 Мыкты
12 Каныкей Калыбекова Талас, «Мээрим» окуу комплекси 213 Мыкты

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM