Connect with us

Президент Боршайком жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 573 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

Аталган конституциялык мыйзамдын негизги максаты: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыйгарым укуктарын жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү.

Конституциялык мыйзам Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин укуктук статусун жана принциптерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM