Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттердин окуу жайларга тапшыруу шарттары өзгөрдү

Коом , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 12882 | 0

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) 44 миң 416 бүтүрүүчү катышты. Кечирээк катышып калган абитуриенттердин тестинин жыйынтыгы чыга элек, алар эсепке 1-июлда кошулат. Убагында тапшыргандардын алган баллы расмий жарыяланды. Эми абитуриенттердин алдында университеттерди тандоо чечими турат. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын уюштурду. Андан байкаганыбыз, быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу шарттары бир катар өзгөрүүлөргө тушугуптур. Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Быйыл ЖРТга катышкан абитуриенттердин 25 миң 284ү негизги босого делген 110 баллдан жогору алышты. Жалпы абитуриенттердин 60 пайызынын орточо баллы 120,5ти түздү.

Ушул жана башка маселелер боюнча маалымат берген Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кимдер бюджеттик орунга, кимдер келишимдик негизде окуй турганын түшүндүрүп өттү.

«Орточо балл 120,5ти түздү. Жогорку окуу жайдын бюджеттик орундарга өтүү баллы 110 деп белгиленген. Босого баллдан 25 миң 284 абитуриент өттү. Ал эми келишимдин негизинде окуунун босого баллы 105 деп белгиленсе, андан 28 миң 143 бүтүрүүчү ашты. Демек, алар бюджеттик орунга өтө алышпайт. Ал эми Баткен мамлекеттик университетинин бюджеттик орундарынын босого баллы 100, келишимдин негизде окууга өтүү үчүн 95 баллдан жогору алышы керек».

Өмүров быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу онлайн режимде жүргүзүлөрүн кабарлады. Сынакка катышуу үчүн бүтүрүүчүлөр 2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы «Абитуриент онлайн» автоматтык-маалыматтык тутуму аркылуу билдирме бериши керек.

«Аталган сайтта ЖОЖдорго тапшыруу үчүн онлайн каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылып, бардык видеокөрсөтмөлөр жүктөлгөн. Абитуриенттер, билим берүү уюмдарынын директорлорунун да жеке кабинетке кирүүсү үчүн логин жана паролдор алынган. Учурда порталга республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 94%ы катталды. Мындан тышкары онлайн каттоо боюнча бардык суроолорду электрондук почта дарегине жөнөтсөңүз болот: abiturientonline2021@gmail.com», — деди ал.

Абитуриенттердин окуу жайларга өтүүсүнө жардам көрсөтүү үчүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында 1818 ишеним телефону иштеп баштады. Үй телефон менен чалуу акысыз, ал эми чөнтөк телефондон төлөм алынат.

Ал эми республиканын кесиптик орто окуу жайларына (СПУЗ) абитуриенттердин документтерин кабыл алуу жана каттоосу 2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу менен жүргүзүлөт.

Өмүровдун айтымында, СПУЗга кирүү сынагына катышуу үчүн абитуриент 2020.edu.gov.kg/spuz/ веб-сайтына төмөнкү документтерди электрондук түрдө тиркеп, билдирме бериши керек:

— паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ;

— жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк (11-класс), негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк (9-класс) жана ага тиркеме;

— кабыл алууда атайын укуктарды же жеңилдиктерди ырастоочу документтер (жетимдиги, майыптыгы ж.б.у.с маалымкаттар).

«Кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 3 тур менен жүргүзүлөт. 1-турга катталуу 12-июлдан башталат. Ар бир турда арыз ээси бюджеттик орунга сынакка катышуу үчүн бирден жана келишимдик окутуу боюнча сынакка катышуу үчүн бирден арыз берүүгө укуктуу», — деди Өмүров.

Өз кезегинде министрдин орун басары бюджеттик жана келишимдик билим берүү формаларына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн сынак аттестаттын (11-класс) орточо баасынын суммасына ылайык же негизги жалпы билим берүү күбөлүгүнүн (9-класс) жана бир так кесип боюнча адистик сабагына баа берилип кабыл алынарын айтты. Ошондой эле онлайн тестирлөөнүн да жыйынтыгы бааланат.

«Медициналык адистиктер боюнча сынак абитуриент СПУЗ тарабынан өз алдынча өткөрүлүүчү кирүү экзамендерин тапшырганда андан алган упайларынын суммасына, билим берүү документинин орточо баллына жана негизги сабактын баасына ылайык өткөрүлөт», — деп түшүндүрдү Өмүров.

Абитуриент кабыл алуу боюнча сунуштамадан кийин 3 күндүн ичинде ушул СПУЗда окууну каалаганын тастыктоосу керек.

Ошол эле учурда Өмүров ЖОЖдорго кабыл алуу тартиби боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

«Биринчи турга катышуу үчүн сынак 12-июлда башталат, арыздарды тапшыруу 14-июлда саат 14:00дө аяктайт. 15-июлда саат 10:00гө чейин окуу жайга өткөн абитуриенттердин тизмеси жарыяланат. Сынактан өткөн балдар үч күндүн ичинде, башкача айтканда, 17-июлда саат 17:00гө чейин тандаган адистиги боюнча окууга каалоосун тастыктоосу керек, антпесе анын орду бош деп эсептелет», — деди ал.

ЖОЖго тапшыра турган студент электрондук системага төмөнкү документтерди сканерлеп тиркеши керек:

  • Паспорту. Аны ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом;
  • ЖРТ сертификатынын негизги бети.

Ошондой эле кабыл алынган студенттер окуу жылынын башында тапшырган окуу жайына ушул документтердин түп нускасын бериши керек.

2021-2022-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго талапкерлерди тандоо жана каттоо турларынын графиги:

— Биринчи тур 12-июль саат 9:00дөн 14-июль саат 14:00гө чейин абитуриенттер катталат, 15-июль саат 9:00дө окууга өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат, 15-17-июлда студент тандаган окуу жайын тастыктайт;

— Экинчи тур да жогорудагыдай тартипте 19-июлдан 23-июлга чейин өткөрүлөт;

— Үчүнчү тур министрликтин чечимине жараша 26-31-июлда болот.

Copyright © 2017 Maral FM