Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 2010-жылдын июнь айында болгон каргаша эскерилди

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 289 | 0

Бүгүн, 12-июнда Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы июнь окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган айкелдин жанында мындан 11 жыл мурун болгон кандуу каргаша эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерүүгө Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жетекчилиги, мекеме-ишканалардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, кагылышта каза тапкандардын үй-бүлөсү, жакындары катышты.

Алар эстеликке гүлчамбар коюшуп, маркумдардын арбагына багыштап куран окушту.

Эскерте кетсек, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларда жалпысынан 500гө жакын адам курман болуп, 2 миңге жакын адам жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 33 адам каза таап, 72 адам жабыр тарткан, эки киши дайынсыз жоголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM