Connect with us

Ош шаарына 1-июлга чейин чектөөлөр киргизилди

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 442 | 0

Ош шаарына 1-июлга чейин чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаардагы ири иш-чараларга тыюу салынып, майрамдык салтанаттар, концерттер, спорттук оюндар токтотулду. Ошондой эле тойканаларда 50%дык чекти, аралыкты сактоо милдеттендирилди. Эгерде кырдаал жакшырбаса, 1-июлдан кийин аш-тойлорго таптакыр тыюу салынары эскертилди. Айрым билим берүү мекемелери кайрадан онлайн режимге өттү.

Мындан тышкары коомдук унаалардын айдоочуларына 60-70%дык чекти, адамдар ортосундагы аралыкты сактоо, унаага түшкөн ар бир адамдан беткап тагынуусун талап кылуу, ар бир унаанын кире беришинде санитайзер болуусу, унаасын күнүнө жок дегенде үч маал жууп туруу, ар бир каттам бүткөн сайын отургучтарды, тутканы санитардык тазалоодон өткөрүп туруу буйругу берилип, мүмкүн болсо жол кирени терминал аркылуу төлөтүү жагын карап көрүү сунушталды.

Мэрия билдиргендей, шаардын аймагында тиешелүү мекемелер тарабынан рейддер жүрүп турат. Кырдаалга байланыштуу кошумча 3 мобилдик топ түзүлгөн. Шаардагы базарларда жумасына бир жолу санитардык күн өткөрүлүп, дезинфекцияланат.

Учурда шаардагы №52, №18 мектептерде күндүзгү стационарлар иштеп жатат. Медкызматкерлер үчүн Ош Ислам университетинин колледжинин жана «Умму Мухаммед» медресесинин базасында обсервация даярдалды.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясы күчөп жатканына байланыштуу 8-июндан тарта Ош облусу жана Ош шаары «кызыл зонага» киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM