Биз менен байланышыңыз

Адвокаттык иш жүргүзүү укугун алуу үчүн 33 талапкер экзамен тапшырып, 8и өттү

Кыска кабар | 12 Июн 2021 | 737 | 0

Юстиция министрлигинин алдындагы квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүү үчүн уруксат кагаз (лицензия) алууга арыз берген талапкерлерди атайын сынактан өткөрдү.

Маалым болгондой, комиссия 36 талапкердин сынактан өтүүсүнө чечим чыгарган. Кечээ, 11-июнда анын 33ү экзамен тапшырды.

Бекитилген тартипке ылайык, адвокаттык сынак компьютерлик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. 110 суроонун 70 же андан көп суроосуна толук жооп берген талапкер экзаменден өттү деп эсептелинет. Квалификациялык комиссия мындай адамга бир айдын ичинде уруксат кагаз берүү үчүн чечим чыгарууга тийиш. Ал эми сынактан өтпөй калгандардын кайталап экзамен тапшыруусуна жарым жылдан кийин гана уруксат берилет.

33 адамдын ичинен төмөнкү 8 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү:

  1. Абдувохид уулу Абдуносир;
  2. Асанов Тенизбай Турдуевич;
  3. Мамаев Эрмек Эркинбекович;
  4. Мухамет уулу Бекжан;
  5. Сайфуллаев Жахонгир Хурсанович;
  6. Чойбеков Буланбек Токтогонович;
  7. Шерипов Улан Турганбекович;
  8. Юсупов Рахматулло Анваржанович.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM