Биз менен байланышыңыз

Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 1165 | 0

Бишкекте жол кире акысын өз билемдик менен 15 сомго кымбаттаткан маршрут айдоочулары мыйзамдамга ылайык жооп берет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматы боюнча, жол кире акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы 26-апрелиндеги «Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер жөнүндө»» токтомуна ылайык, мурдагыдай эле – 10 сомду түзөт.

«Урматтуу шаардыктар кичиавтобустардын айдоочуларынын тарифтерди кымбаттатуусуна күбө болсоңуздар, 0554 182 185 ватсап номери аркылуу видеофакт жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз» , -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары линияга чыккан жок. Алардын иш таштоо аракети төртүнчү күнгө созулуп жатат. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Ал эми мэриянын билдирүүсүнө ылайык, жол киренин тарифи сентрябрь айына барып чечилет.

Copyright © 2017 Maral FM