Кечээ, 4-июнунда Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери, 2003-жылы туулган «М.Д.» аттуу жаран өзүн-өзү ок атуучу курал менен атып жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Бул жоокер 2021-жылы жазында аскер кызматына чакырылган.
Окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.