Коргоо министрлиги тик учактын кулаганы тууралуу расмий маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда Куралдуу Күчтөрдүн абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МТ тик учагы шашылыш түрдө конууга аргасыз болгон.
Тик учактын бортунда 10 адамдын үчөө жеңил жараат алган, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.