Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, 242 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылса, 81 адам жарандыкка кабыл алынган.