Биз менен байланышыңыз

ИИМ Орхан Инандынын уурдалышы боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 1020 | 0

«Сапат» эл аралык мектебинин негиздөөчүсү жана президенти Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ички иштер министрлиги бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ага ИИМдин, Бишкек шаардык милициясынын, Октябрь райондук милициясынын тергөөчү жана ыкчам кызматкерлери кирди.

«Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилип, кыргыз жараны Орхан Инандынын жашаган жерин аныктоого багытталган бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз жаранын издөө боюнча сотко чейинки процесстер Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүнө алынды.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-майда кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган.

Президент Садыр Жапаров да дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын издөө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМге тапшырма берген.

Орхан Инандыны колдогон митинг Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында эки күн катары менен өтүүдө. Элчиликтикн алдына чогулгандар өкмөт үйүнүн алдына келишти. Алар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чыгып, маалымат беришин талап кылышууда.

Сүрөт: Бакыт Абдуллаев

Copyright © 2017 Maral FM