Connect with us

Кожогелди Култегин: Жаштарыбыз абдан таланттуу, бирок билим жетишпейт

«Чыгармачылык — чоң үй. Аны курууга эмгек жана билим керек». Бул цитата Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргызстандын «Түрксойдогу» өкүлү Кожогелди Култегинге таандык. Чыгармачылыкты аздек тутууга жана терең билим алууга үндөгөн акын менен «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында учкай маектештик. Эмесе маектин кыстырылган вариантын окурман журтуна сунуштайбыз.

— Кожогелди агай, сизди бир жерде турбаган, дайыма иш үстүндө жүргөн инсан катары тааныйбыз. «Ааламга жол — айылдан башталат» дегендей, алгачкы кепти Ата конушуңуздан, балалык ирмемдерден баштасак… 

— Менин балалык доорум өзгөчө учурга, географиялык шарты өзгөчө жерге таандык. Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн Көк-Арт кыштагында төрөлгөм. Кичи мекеним кыпкызыл жарлары менен айырмаланып турат. Кытай менен чек аралашпыз. Ал кезде СССР менен Кытай мамлекетинин ымаласы начар болчу. Анан «Алайкуудан кытайлар басып келет экен» деген каңырыш сөздөрдү көп угуп жүрдүк. Андан абдан коркчубуз, кээде түшүбүздө кытайлар менен кармашкан күндөр да болду.

Ушуга байланыштуу бир окуя эске түшөт. Университетти бүтүп, «Кыргызстан» басмасында иштеп жүргөндө Москвага бир жарым айлык курска бардым. Бир күнү метрого түшсөм, кыргыз кыз турат. Бирдеке деп сүйлөдү эле, мен түшүнбөй калдым. Анан орусча кайрылсам, тиги кыз: «Я из Китая», — деди. Денем зирт этип, коркуп кеттим. Бала кездин таасири да.

Кыскасы биз чек ара, Мекенди коргоо деген чоң милдетти кичинекей кезибизден билип-туюп чоңойдук.

— Балалыктагы эң башкы максатыңыз… Ким болом деп кыялданчу элеңиз?

— Ал мезгилде «мен жазуучу болом» деп көп айтчумун. Тага журтумдун ырга жакын болгонун, таятамдын жамактап ырдап жүргөнүн айтышчу. А өзүмдүн чоң атам кыякты жакшы ойночу экен. Атамды болсо «кыякчынын баласы» деп тергешер эле. Атам өзү колунан көөрү төгүлгөн уста, анан жамакчы болчу. Мындайча айтканда, бул талант менин тукумумда бар десем болот.

— Учурда чыгармачылыгыңызда, ишиңизде кандай жаңылыктар бар?

— Жашың улам өйдөлөгөн сайын убакытты тыкыр кармап, чыгармачылыкта өжөрлөнүп иштейсиң. Азыр сыртта жүрөм. Мунун өзү да чыгармачылык болот экен. Сыртта жүргөн киши ойго жакын болот; сыртта жүргөн киши Кудайга жакын болот; сыртта жүргөн киши Мекенди сагынат. Кыргызстанда уу-дуу болуп атса, бул жакта турган кишиге караганда сыртта жүргөн киши көбүрөөк кейип-кепчийт. Анын үстүнө ал жакта убакыт мүмкүнчүлүгү да жакшыраак. Мен дайым маек бергенде айтып атам: «Бул жакта жүргөндө бильярдга кеткен убакыт, тойлорго кеткен убакыт — бүт чыгармачылыкка калып атат», — деп.

Биздин замандын дагы бир жакшы мүмкүнчүлүгү — компьютер менен иштейбиз. Бизден улуу муундан бирин-экин эле болбосо, негизинен биздин муун бүт компьютер менен жазып калдык. Бул деген чыгармачыл адамга убакытты өтө үнөмдөп берет. Мурда кол менен жазып жүрчүдө манжаларым жооруп, берч болуп калчу.

Ошол кезде ыр жазганда кайчы менен иштечүмүн. Себеби кагазга жазып баратканда бир жери туура эмес кетип оңдосоң, карала-торала болуп калса, мээ иштебей калат. Ошон үчүн мен ар бир сабын бирден кагазга жазып, аны кыркып-кыркып алып, саптар ордуна келгенче ары-бери жылдырып тизмектечүмүн. Качан толук бүткөндө гана таза кагазга көчүрчүмүн.

Түркияда 2 китебим: 2018-жылы «Тамырлардан канаттарга»; 2020-жылы «Бурса чынары» жарык көрдү. «Түрксой» эл аралык уюму тарабынан чыгарылган азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкыр, саха тилдериндеги «Дүйнө алаканда» аттуу китебим менен казак тилинде жарык көргөн «Жүрөк конуш» ырлар жыйнагым азыр окурмандарымдын назарында. Андан тышкары 60 жаш юбилейиме карата 5 томдук жыйнагым Анкарадан басылды.

— Чет жакта чыгармачыл инсандарга кандай колдоо көрсөтүшөт?

— Жакшы эле колдоо болот. Бирок, чындыгын айтканда, Кыргызстанга жетпейт. Кээде «Жазуучулар союзунун эмне кереги бар?» — дешет. Бул айрыкча, биздей чакан өлкөгө өтө керек. Анткени чыгармачыл инсандар бири-бирин көрүп, бири-бири менен сүйлөшүп, бири-биринен кабар алып турганы жакшы. Ал эми Түркияда бир нече жазуучулар союзу бар. Чоң жыйындарына катышкандар — 4-5 киши. Ага караганда бизде жаштардын жана улуу муундардын өзүнчө топтору бар.

Кыргыз — таланттуу эл. Маселен, «Түрксой» уюму башкы демилгечи болуп, Кыргызстанда «Беш акын» долбоорунун үчүнчү айлампасын өткөрүп жатабыз. А Түркияда бир айлампасын да өткөрүү мүмкүн эмес. Акындарын деле таппайсың. Себеби мамлекет таптакыр эркин коюп, аларга көңүл бурбагандан кийин чыгармачылыкка катуу кирип кетишпейт экен да. Баарынын башка иштери бар, чыгарманы анда-санда эле жазып коюшат. А бизде чыгармачылыкка баш-отубуз менен кирип кетип атпайбызбы. Биздеги чыгармачылыкка топ-тобу менен келген калемгерлерди көрүп, чет элдиктер кадимкидей суктанышат. Адабият жагынан Кыргызстан кыйла эле алдыда.

— Сиздин көз карашта мамлекетибиздин маданият тармагы кандай баскычта турат?

— Мурда кандай болсо, ошондой эле уланып келатат. Анткени, элдин каалоосу. Азыр прозага караганда поэзия окурмандары көбөйдү. Анан элдин жашоосу начар болуп, китептерди сатып алууга каражаты жоктор да арбын десек жаңылышпайбыз. Ошол үчүн китептерге көп көңүл бурулбай калып жатат. Мамлекет өнүксө, окурмандын деңгээли да, чыгармалардын сапаты да өсөт эле.

Жаштарыбыз абдан таланттуу. Бирок, азыркы жаштардан коркконум: булар окубайт. Жазуучу болом деген киши адабиятты «ичип-жеп» коюшу керек да. Биздин учурда китеп табуу кыйын болчу. Ошого карабай, китепканаларга келип, атайын конспектилеп жазып алып окучубуз.

Чыгармачылык деген жакшы бир үй болсо, булар (жаш калемгерлер — ред.) ага жакшы терезе орнотушту. А бирок калганын да толук бүткөрүү керек да. Берилген талантты эмгек менен алдыга сүйрөбөсө, анда өспөйт. Азыр чыгармачыл жаштар башкалар менен иши жок, өздөрүнүн казанында эле кайнап атышат. Дагы бир айта кетерим: билим болбосо, андан акын да чыкпайт, жазуучу да чыкпайт. Карандай талантың 20-30, ашып кетсе 35 жашка чейин келет, андан кийин өзүнөн өзү токтойт. Муну улантуучу күч — билим.

— Кеп учугун устаттарыңыз тууралуу уласак…

— Биз устаттарга абдан бай болдук. Ал кезде жазуучулукка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп турган кез. Анын үстүнө жазуучу-акындар шакирт издешчү. Мыкты таланттарды өзүнүн айланасына кармап калууга алар да кызыкдар болчу.

Мен көп эле кишинин сабагын алдым. Биринчи устатым Табылды Муканов болду. Андан кийин акын Сооронбай Жусуевге студент кезде, ырларым чыгып баштаганда жолуктум. Ал өмүрү өткөнчө акыл-кеңешин айтып турду. Устатым: «Күнүнө башка акындын 500 сап ырын окубасам башым ооруйт», — деп калчу.

Анан биз Жолон Мамытовдун «Жол чырак» адабий ийрими бар эле, анда жүрдүк; Омор Султановдун Алыкул атындагы «Дүбүрт» ийрими бар эле, мында жүрдүк.

«Кыргызстан» басмасында иштеп жүргөндө Салижан Жигитовго ырларымды бердим. Ушундай жоопкерчиликтүү киши экен, бир нече күндөн кийин баягыны көтөрүп келди. Ар бир сөзүнө чейин талдап окуп, ар бир ырыма бир кулачтан пикир жазып чыгыптыр. Эң негизгиси, ырларымды жактырыптыр, ошону менен катар жакпай да калыпмын. А киши: «Сен ушундай таланттуу экенсиң, туюмуң, баары жакшы экен. Бирок экинчи менен төртүнчү сапты эле уйкаштырат экенсиң. Аның да чала-була. Ал уят болот. Жакшынакай костюм-шым кийип, шымыңдын алаасын топчулабай койгондой болуп атпайсыңбы. Антпей толук уйкаштырып жүр», — деди. Шымды мисал келтиргени катуу таасир этти.

Кийин Москвадагы Жогорку адабият институтунун 2 жылдык курсуна барып, Юрий Кузнецовдун «колуна түштүм». А кишинин сабагы да өзгөчө болду.

— Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.  

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM