Биз менен байланышыңыз

Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо 11-июлда өтөт

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 371 | 0

Президент Садыр Жапаров «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Буга чейин аталган шаарлардагы шайлоодо бир канча тилкедеги добуш берүү жараксыз деп табылып, аны менен шайлоо жыйынтыгы толук жокко чыгарылган. Жарлык боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11-июлга дайындалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүп, каражат бөлөт. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулук, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын ден соолугун сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда 2021-жылы 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышты, Ош шаардык кеңешине 9 партиядан 701 талапкер катышты.

Одоно мыйзам бузуулар болгондуктан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өттү»

Copyright © 2017 Maral FM