Биз менен байланышыңыз

Тенгиз Бөлтүрүк: «Центерра» сүйлөшүүгө кызыкдарлыгын билдирүүдө

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 530 | 0

«Кумтөр» алтын кенинде жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасалып жатат. Менеджменти өтө сабатсыз. Мындай оюн «Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк айтты.

«Кумтөр Голд» компаниясы 23 жылдан бери Петров көлүнөн жылына 5 млн куб метр таза сууну, ал эми борбордук карьерде 20 млн куб метрден ашуун жер кыртышынын суусун бекер пайдаланат экен. Ал деле так маалымат эмес, тактоо керек. Сандарга келгенде башты айлантып, бизди такай алдап келет. 5 млн куб метр суу деген — 5 млрд куб метр суу. Мисалы, Канаданын өзүндө 750 миллиграмм таза суу 46 доллар турат. Ошондон улам биз канчалаган таза сууну техникалык жумуштарга бекер берип жатабыз. Буга 1999-жылдагы жана 2017-жылдагы туура эмес келишимдер жол берип, «Центерра Голд» компаниясын юридикалык жактан коргоп келет», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Ал «Сenterra Gold Inc.» кыргыз тарап менен сүйлөшүү столуна отургусу келерин да кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM