Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен чыгуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында айтты.
Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» айланасындагы соңку жагдайларга байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.
Быйыл 13-майда канадалык «Центерра» компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйынында директорлор кеңешине 11 талапкер тандалган. Анын үчөө кыргызстандыктар болчу: Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев.
17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр» боюнча кезексиз жыйынга чогулду.