Биз менен байланышыңыз

Муфтият Аль-Акса мечитиндеги кол салууну айыптады

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 611 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Иерусалимдеги (Кудус) Аль-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулмандарга болгон оор сокку жана кысым деп баалады.

«Мусулман жарандарынын ыйык сезимдерин кордоо, аларга болгон кысым жана адам укугун бузуу болуп эсептелет. Анткени Кудстагы Аль-Акса мечити — эң биринчи кыбыла жана Медина менен Меккеден кийинки Исламдын үчүнчү ыйык жайы. Рамазан айында Аль-Акса мечитинин аймагында намазга катышууга тоскоолдук кылуу — бул: Алла Таалага акарат келтирүү«, — деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин Газа секторуна жасаган абадан чабуулунун айынан 13 кабаттуу үй урады. Бул тууралуу «The Times of Israel» басылмасы маалымдады.

Газа секторундагы «Бурж-Ханади» деп аталган 13 кабаттуу үйдүн эмне үчүн бутага алынганы тууралуу Израиль азырынча түшүндүрмө бере элек. Бирок аталган имаратка бомба таштоодон мурун андагы жашоочуларга эскертүү берилгени айтылууда.

Учурда канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Бирок Израиль бийлиги аталган имараттан жай тургундар чыгып кеткен соң чабуул кылганын айтууда. Алар алгач эскертүүчү чабуул жасап, анда көп кабаттуу үйдүн чатыры гана жабыркаган. Андан соң бомба таштап, 13 кабаттуу үй толугу менен урап түшкөн.

Палестинадагы ХАМАС тобу менен Израилдин бири-бирине жасаган чабуулдары азырынча токтой элек. «Аль-Акса» мечитиндеги окуялардан соң, Израилдин авиа чабуулдарынын натыйжасында 28 палестиналык каза болуп, анын 10у жаш балдар экени айтылууда. Ал эми Израиль бийлигинин маалыматында ХАМАС тобунун чабуулунан улам 2 аял каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM