Биз менен байланышыңыз

Президент чек ара боюнча кайрылуу жасаган окуучуну кабыл алды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 1030 | 0

Президент Садыр Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасаган баткендик бала Адилди кабыл алды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, кечээ, 9-майда Президенттин аппаратынан телефон чалышып, Адилдин видеокайрылуусу боюнча мамлекет башчы да кабардар болгонун, жолугуп сүйлөшүү үчүн иш бөлмөсүнө чакырарын айтышкан.

Жолугушуу учурунда өлкө башчы Садыр Жапаров Адилдин атасынын ишин кароону Тышкы иштер министрлигине тапшырганын, жакын арада чечилерин билдирди. Ошондой эле Адилдин «футбол интернатында окусам» деген максатын тез арада чечип берүүнү жардамчысына тапшырды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Адилди баалуу белектер менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай айылында жашаган Адил буга чейин президентке кайрылуу жасаган. Анда ал атасы тууралуу айтып, тажик тарап атасын чек ара чырына байланыштуу Интерполго издөөгө бергенин жана ал Орусияда кармалып камакта жатканын баяндаган. Адилдин атасынын бир тууганы да чек ара чырында окко учкан. Ал эми 2019-жылдагы чыр-чатактардын биринде алардын үйү толугу менен өрттөлүп кеткен болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM