Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин айлыгын эсептөө автоматтык системага өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 570 | 1

Мугалимдердин айлыгын эсептөө мындан ары автоматтык система аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө» системасы билим берүүнү санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун алкагында ишке ашырылып, Европа Биримдиги техникалык колдоого алган.

Маалым болгондой, мындан ары мугалимдердин эмгек акысын кол менен эсептөө токтотулуп, толук автоматтык эсептөө киргизилет. Мындагы башкы максат ар бир педагогдун эмгегине жараша айлык алуусуна шарт түзүү, каржылык мыйзам бузууларга бөгөт коюу болуп саналат.

«Бул система бизге билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүүгө, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, анын ичинде ар бир билим берүү мекемеси боюнча өлкөдөгү административдик-чарбалык персоналдын жана педагогикалык кызматкерлердин, маалыматтар базасынын статистикалык санын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акыларды эсепке алуу менен эмгек акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, система буга чейин Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым мектептеринде сыноодон өткөрүлгөн.

1 пикир

1 пикир

  1. гуляза

    18.03.2022 12:19

    аймактарда мугалимдердин айлыктарын эсептоодо коп каталар орун алууда.Айлыктардын туура эсептелип жатышын кантип билсек болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM