Биз менен байланышыңыз

Орусияда камалган кыргыз жаранынын абалы талкууланды

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 324 | 0

Кечээ, 27-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын аймагында кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидерлери жана активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев макулдашууларга ылайык Эсен Мажитовго көрсөтүлүп жаткан эки тараптуу жана көп тараптуу консулдук-укуктук жардамдар тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын ТИМине кыргыз жаранына ачылган иштин толук, ар тараптуу, адилет каралышын өтүнгөн расмий кайрылуу жасаган.

​Белгилей кетсек, Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитовду 18-апрелде Нижний Новгород шаарынынын аэропортунан Орусиянын күч органдары кармап кеткен. Туугандарынын айтымында, тажик бийлиги былтыр 8-майда чек арада болгон чыр боюнча иш козгоп, башаламандык уюштурууга шектүү катары Эсен Мажитовго издөө жарыялаган.

Окуянын толук чоо-жайы:

Орусияда камалган кыргыз жаранын өткөрүп алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM