Биз менен байланышыңыз

Орусияда камалган кыргыз жаранын өткөрүп алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Коом , Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 1453 | 1

Тажикстан бийлиги тарабынан кылмыш иши козголгон Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов Орусиядан кармалды. Иштөө үчүн кеткен аны 18-апрель күнү аэропортко түшөр замат Орусиянын күч органдары кармап кеткен. Учурда Тажикстан Мажитовду экстрадициялоо үчүн Орусияга кайрылууда. Ал эми Кыргызстан тарап өзүнүн өлкөсүнө өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кармалган жарандын апасы баласын кайтарып берүүсүн суранып, кайрылуу жасады. 

 

Кармалган жарандын апасы Шаада Мажитова президентке, мамлекет башында турган кызматкерлерге видео кайрылуу жасоо менен бирге, чек арадагы жашоонун кыйынчылыктарын көзүнө жаш алып айтып берди. Бул үй-бүлө бир топ жылдан бери чек арадагы аймакта жашап келет. Өткөн жылы 8-майда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Жаңжал учурунда Эсен Мажитовдун үйүн жана унаасын тажиктер өрттөп жиберген. Шаада апанын кызын тажиктер сабап, каза болгон. Андан кийин тажиктер дагы бир уулун үйдөн алдоо жолу менен алып чыгып, 2 айга камаган. Бул окуя да баласынын өлүмү менен аяктаган. Жыйынтыгында бир уул, бир кызынан айрылган, 80ге таяп калган апа учурда дагы бир уулунун тагдырына сыздап турган кези. Көк-Таш айылынын тургуну Шаада Мажитова уулун бошоттуруп берүүнү мамлекеттен суранат.

«Мен бардык мамлекеттин башында турган адамдардан суранам, баламды бошоттуруп бергиле. Баламдын кеткенине бир канча күн болду. Кеткенден бери тамагымдан аш өтпөйт. Аны үйдө ата-энеси, жубайы, балдары сагынуу менен күтүп жатат. Сиздерден суранычым, мага баламды чыгарып бергиле».

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитовго Тажикстандын мыйзамында бекитилген 188-берене боюнча иш козголуп, издөө жарыяланганын билдирди. Учурда кыргыз жараны Орусияда кармоодо экенин, Кыргызстанга өткөрүп алуу үчүн атайын иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

«1977-жылы туулган Мажитов Эсен Абдрахимович 2021-жылдын 18-апрелинде Ош шаарынан Орусиянын Нижний Новгород шаарына учкан. Ал жактан Орусия органдары тарабынан кармалган. Анын жакындары Өмүрбек Суваналиевге кайрылып, ишти өзүнүн көзөмөлүнө алуусун жана Мажитовдун эртерээк бошотулушун суранышкан. Ыйгарым укуктуу өкүл Суваналиев Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура менен сүйлөшүп, биздин өкүлчүлүк тарабынан маалымат берилген. Министрлик жана Башкы прокуратура Орусиянын тийиштүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы учурда Мажитовду Кыргызстанга өткөрүп алуу үчүн мамлекет тарабынан бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалып жатат».

Бул ишти көзөмөлүнө алган Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова азыркы учурда Эсен Мажитовдун жубайы, Көк-Таш айлынын башчысы, ИИМдин өкүлдөрү, Мажитовдун Нижний Новгороддогу адвокаты жана котормочусу менен тыгыз байланышып, иш жүргүзүп жатат. Көк-Таш айылынын башчысы Мажитовдун ишине керектүү документтерди Орусияга жөнөтүп жатат. Бул иштин алкагында жүрүп жаткан процесстерден адвокаты кабардар кылып турат.

«Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү менен сүйлөштүм. Ал мага кат жүзүндө жообун бериши керек. Керектүү документтерди Лейлектен Орусияга жөнөтүп жатабыз. Учурда адвокат Мажитовго козголгон иштин үстүндө иштеп жатат. Өзүм колумдан келген жардамымды көрсөтүп жатам. Бул ишке тийиштүү керектүү адамдар менен дайыма байланыштамын», — деди Бурун Аманова.

Бүгүн 27-апрелде активисттер Тышкы иштер министрлигинин имаратынын астына митингге чыгышты. Алар министр Руслан Казакбаевден тажик тараптын өтүнүчү менен Орусиядагы кыргыз жаранынын кармалышына көңүл буруп, бул маселени өз колуна алуусун талап кылышууда. «Кыргызстандын Тажикстандагы, Орусиядагы элчилери бул иш боюнча Орусияга расмий түрдө билдирүү менен кайрылуусун талап кылабыз», — дейт акциянын катышуучусу Мээрбек Мухтар.

«Эсен Мажитов Тажикстан издеп жаткан жалгыз жараныбыз эмес. Бүгүнкү күндө алар тараптан бир топ кыргыз жарандары изделип жатат. Биз алардын аты-жөнүн түз эфирде атайбыз. Биздин укук коргоо органдары Кыргызстандын жаранын Тажикстанга өткөрүп берүү канчалык мыйзамдуу экендигин аныкташсын».

           

Тажикстандын Исфара шаарынын прокуратурасы Мажитовго козгогон кылмыш иши боюнча токтомдордо «Мажитов Исфаранын тургунунун 60 сотых менчик жерине өз алдынча жүгөрү эккени», «ал баштаган кишилер чек арадагы кырдаалды курчутканы» жазылган. Дал ушуну бетке кармаган Тажикстан бийлиги өткөн жылдын 5-августунда Мажитовго «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мындай учурда 5-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралары көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Исфара шаардык соту тергөөнүн жүрүшүндө аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Баткен ОИИБинен билдиришкендей, өткөн жылы чек арада чыккан чырдан соң, Кыргызстан да Тажикстандын бир нече жаранына кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

1 пикир

1 пикир

  1. Берди

    28.04.2021 12:41

    Лампочка куйуп калбаса эми(

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM