Connect with us

Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1223 | 0

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Соттун 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомуна ылайык, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Ал аталган токтомдун негизинде 24-майга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев былтыр 24-ноябрда 320-берене менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмышка шектелип кармалган.

Ал октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.

Курманбек Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары «Биримдик» партиясы менен катышкан. Ал партиянын тизмесинде 58-орунда болчу. Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM