Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектериндеги райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот.