Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы мунай заводдон өрт чыгып, жаракат алгандардын саны 28 адамга жетти. Алардын 5и оор абалда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды
Кырсыктын келип чыгуусуна чагылган себеп болушу мүмкүн экени болжолдонууда. Бул боюнча атайын адистер жеринде иш алып барып жатканы маалымдалды.
Учурда жарылуу болгон Балонган шаарынын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.