Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын декларация кабыл алуусу 1-апрелде аяктайт

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 428 | 0

Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, декларациялар 2021-жылдын 1-апрелине чейин, демалыш күндөрдү кошкондо, эртең менен саат 09.00дөн тартып түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

— жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

— менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер тилкелеринин (короо-жайдан башка) ээлери;

— юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле «116» кыска номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM