Чек ара кызматы Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Сай тилкесинде тажик жарандарынын шагыл казуу иштери токтотулганын кабарлады.
Белгилүү болгондой, 20-мартта кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан «Плотина» деп аталган тилкеде тажик жарандары шагыл алганга кирген. Жергиликтүү тургундар окуянын видеосун соцтармактарга таратып, тийиштүү органдардын чара көрүүсүн талап кылган.
«Тажикстан жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеде «Плотина» аталышындагы жердеги Сай суусуна атайын техникалар менен кирип, шагыл казып баштаган. Кыргызстандын чек ара отрядынан келип, Тажикстан жарандарын шагыл казууну токтотууну талап кылган», — деп айтылат чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Кыргыз жана тажик Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин келген адамдар казуу иштерин токтотуп, атайын техникаларын алып чыгып кеткен.
Мекеме азыр кыргыз-тажик чек арасында абал тынч деп билдиришти.
1 пикир