Connect with us

20-марттан тартып «Москва – Тамчы» аба каттамы кайрадан ачылат

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 585 | 0

«Москва – Тамчы» мезгилдик аба каттамы кайрадан ишин баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Airbusтун» заманбап учактары 20-марттан тарта «Москва – Тамчы» багыты, ал эми 21-марттан баштап «Екатеринбург – Тамчы» багыты аркылуу чартердик каттамдарын аткарып баштайт.

Мындан тышкары жай мезгилинде Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүү каралууда. Бул боюнча «Урал авиалиния» ишканасы менен келишим түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM