Connect with us

Тилекмат Куренов бир айга камакта калтырылды. Ал ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 666 | 0

Социалдык тармакта бийликти сындап пост жазган активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) бир айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Свердлов райондук соту чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Куренов дагы бир ай убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өзү соттун чечимине нааразы экенин билдирип, «Бүгүн саат 16:00дөн тарта ачкачылык жарыялайм», — деп билдирди. Сот журналисттердин катышуусуз, жабык өттү.

Куреновдун тарапташтары бүгүн Свердлов райондук сотунун алдында митинг өткөрүп, анын бошотулушун талап кылган. Акцияга 30 чакты адам катышты.

Белгилей кетсек, активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта кармалган. Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат. Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Азыркы тапта анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда. Тилекмат Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, ал 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына да катышкан болчу.

Активисттин соцтармактагы пикири бийликти чочулатты

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM