Уран Ахметов берген арызына ылайык, өз каалоосу менен Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 12-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Уран Ахметов аталган кызматта 2018-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин Юстиция министри кызматын аркалаган.
Өкмөттүн дагы бир буйругу менен бошогон кызмат орунга Айбек Жунушалиев дайындалды.