Марал Радиосу

Уран Ахметов кызматынан бошотулду

Уран Ахметов берген арызына ылайык, өз каалоосу менен Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 12-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Уран Ахметов аталган кызматта 2018-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин Юстиция министри кызматын аркалаган.

Өкмөттүн дагы бир буйругу менен бошогон кызмат орунга Айбек Жунушалиев дайындалды.

 

Exit mobile version