Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы калкты коронавируска каршы эмдөө боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 570 | 0

Бүгүн, 11-февралда Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы жана эпидемиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты  ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык түрдө эмдөөгө даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, «COVAX» программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.

Мындан тышкары Орусияда жана Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте, билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу эмдөө боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алган учурлары катталып жатканы — бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек», — деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Экономика жана финансы министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM