Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөл «Женго» УКМКга өзү келди

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 679 | 0

«Женго» каймана аты бар уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү келди. Бул тууралуу «24.kg» басылмасы Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаевага таянып жазды.

Анын айтымында, Досоновду УКМКнын убактылуу абагына киргизишкен. Сот бүгүн анын баш коргоо чарасын карамакчы.

Маалыматка ылайык, Кадырбек Досонов жер тилкесин мыйзамсыз басып алуу боюнча суракка чакырылган. Анткени Досоновдун мурунку жубайына тийиштүү үй кошунасынын жер тилкеси тарапка мыйзамсыз кирип кеткен деп айтылууда.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК билдирүү таратып, Кадырбек Досоновго 2020-жылдын ноябрында издөө жарыялаганын айткан.

Кримтөбөл «Женго» Ошто милиция Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип, 2017-жылы кармалган. Бирок былтыр эркиндикке чыккан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM