Биз менен байланышыңыз

Темирбек Асанбековдон саясатка кызыккан жаштарга кеңеш

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 1424 | 0

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде саясатка кызыккан жаштарга айрым кеңештерин берип өттү.

Ал жаштарга саясатчылар басып өткөн жолдорду, кабыл алган чечимдерди жана алардын коомго пайдасы тууралуу маалыматтарды окууга кеңеш берет. Бул жаатта илимий багыттагы маалыматтарды көбүрөөк окууга чакырат.

«Интернеттен кыска маалымат окуп алып эле «саясатчы болом» дегендик туура эмес. Маалымат алган соң, саясий, коомдук уюмдарга аралашуусу керек. Жаштарга айтарым, кызгануудан алыс болуп, үлгү катары майда болсо да, коомдук иштерге аралашса. Туура менен катаны аныктай билүү — келечекте ката кетирбөөгө, туура багытты аныктоого жол ачат», — дейт Асанбеков.

Мындан тышкары саясатты азыраак сүйлөп, маданиятты өнүктүрүү, билим алуу жаатына басым жасоого үндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM