Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түштү

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 542 | 1

Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттин 3-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралуу массалык маалымат каражаттарынан гана окуп жатышканын айтты. Ал мыйзам долбоорлорунун электрондук вариантын болсо да, депутаттарга эртерээк берүүнү өтүндү.

Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.

Башмыйзамды өзгөртүү жана аны референдумга алып чыгуу боюнча иштеген Конституциялык кеңешме былтыр 20-ноябрда ишин баштаган. Алар 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча иш алып барышты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов тарабынан берилген Өкмөттүн программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо маселесин карай баштады.

1 пикир

1 пикир

  1. Темирбек

    03.02.2021 15:54

    Менин пикирим азыркы маалда министрлерди алмаштырып кереги жок болчу Садыр буга чейин озу койгондор эле иштеп турса болмок азыр Примерликти да башка жагын коетуруп эски депутаттарды кетириш керек Садырды Президенттике эл алып келди ошондуктан жогоку Кенеш ти таркатып баш мыйзамды озгортуу боюунча дагы деле конституциялык кенешмеге койуп бир мандаттуу шайлоону откоруптур аанан жаны депутаттар менен иш алып барса болмок азыр бул сасык мурдагы бийликтин депутаттары эле кереги жок эл нааразы болуп жатат булардын талкуусунун кереги жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM