Connect with us

Кыргызстандык абитуриенттерге жети өлкө эшигин ачты

Блог , Коом | 29 Янв 2021 | 2058 | 0

Эки тараптуу келишимдердин негизинде жети өлкөнүн окуу жайлары Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүнүн документтерин кабыл алып баштады. Гранттык негизде окууну каалаган студенттерди тандоо жана сынактар тууралуу төмөндө айтып беребиз.

Кыргызстандык студенттерди акысыз окутуу боюнча сегиз чет мамлекет менен келишим түзүлгөн. Мунун негизинде жыл сайын Беларусия 10, Венгрия 150, Казакстан 5, Кытай 70, Латвия 10го чейин, Тажикстан 50гө чейин, Орусия 400 квота бөлөт. Учурда дал ушул өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына кабыл алуу башталды. Ал эми сегизинчи өлкө болгон Түркия бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чолпон Маткеримова буга чейин квоталар туура эмес бөлүштүрүлүп, тандоо ачык-айкын болбой келгенин моюнга алып, мындан улам атайын онлайн система ишке киргизилгенин айтат. Эми ар бир студент өзүнүн маалыматтарын жеке кабинетке эрте эле калтырса болот.

«Быйыл биз башка жылдардан айырмаланып, атайын онлайн система иштеп чыктык. Анткени азыркы пандемия учурунда көп киши чогула албайт. Мындан ары студенттер онлайн системага өзүнүн кабинетин түзүп, талап кылынган документтерди тиркейт. Система анын баарын текшерип, жыйынтык чыгарат. Бул ыкма сынактын ачык-айкын өтүшүн камсыздайт».

Бирок бардык тандоолор жогорудагыдай шарт менен өтөт дегенге болбойт. Анткени айрым өлкөлөр элчилик аркылуу, айрымдары ортодогу кызматташуу жөнүндө келишимге ылайык, министрлик аркылуу кабыл алат. Быйылкы жылы Кыргызстанга келген квоталардын басымдуу бөлүгү элчиликтер аркылуу ишке ашырылууда.

Бул маселеде чет өлкөдөн билим алгысы келген жаштардын бөлүнгөн квоталар боюнча кабарсыз калып жатканы көйгөй жаратууда. Ошол эле кезде коюлган талаптарга жооп бере турганчалык деңгээлде даярдык көргөндөрү да аз санда. Жакында ачылган «GEF» уюму элеттеги жаштарга маалымат жеткирүү жана алардын тыштан окуусуна шарт түзүү багытында иш алып барып баштады. Уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкуловдун айтымында, дүйнөлүк окуу жайлардын талабына жооп берген жаштарды табуу да кыйынга турат. Ошол себептен алгач аларды даярдоо, коюла турган талаптар менен кабардар кылуу иштерин жүргүзүү зарыл.

«Биринчи кезекте балдарды окууга жөнөтүүнү эмес, аларды даярдоо иштерин колго алуубуз керек. Албетте даяр баланы дароо таба албайбыз, өзүбүз күткөн жыйынтык болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн биз: «Бул жылы алдын ала даярдык көрөлү, аймактарды кыдырып, түшүндүрү иштерин жүргүзөлү», — деп жатабыз. Мындагы максат: балдардын жөндөмүнө жараша кесип тандоосуна көмөк көрсөтүү».

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин учурунда «XXI кылымдын кадрлары» программасы кабыл алынган. Мындагы максат идиректүү жаштарды чет өлкөдөн окутуп, алардын тажрыйбасын үйрөтүп, андан соң Кыргызстанга кызмат кылдыруу болгон. Тилекке каршы, максат толук ишке ашпай, гранттык негизде кеткен студенттердин дээрлик көпчүлүгү өлкөгө кайтып келбей, ошол жактарда калып калышкан. Бюрократиялык, коррупциялык системанын кесепетинен кайтып келгендерине да татыктуу иш табылбай, жаштардын жоон топ агымы чет өлкөгө кайта чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Билим берүү жана илим министрлиги мындан ары мындай катачылыктарга жол бербөө үчүн гранттык негизде окууга кетип жаткан студенттер менен окуусун аяктагандан кийин милдеттүү түрдө өлкөгө кайтып келүү боюнча келишим түзөт. Буга чейин сырттан диплом алгандар туралуу маалыматтар жок болуп келсе, эми ар бир кеткен студент атайын каттоого алына баштайт.

«Мындан ары министрлик өткөргөн сынактардын жыйынтыгында биз жарандар менен үч тараптуу келишим түзөбүз. Быйылкы жылдан баштап, квота менен кеткен жарандарыбыз программасын аяктагандан кийин сөзсүз түрдө Кыргызстанга келип, адистиги боюнча эки жылдан кем эмес иштеп берүү боюнча милдеттеме алышат», — дейт Чолпон Маткеримова.

Чет өлкөдөн билим алгандар тууралуу так маалымат жок. Билим берүү жана илим министирлиги гранттык негизде 4 миңден ашык студент чет жактан окуганын айтууда. Ал эми алардын канчасы өлкөгө кайтып келгени белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM