Connect with us

Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү канаттандырылган жок

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 2483 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү канаттандырылган жок. Сот отуруму 3-февралга жылдырылды.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантты.

Анда Атамбаевдин жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришти. Сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

Айыпталуучу Атамбаев жана Абдухалим Раимжановдун келбегендигине байланыштуу сот отуруму 3-февраль саат 13:30га жылдырылды.

Бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин омурткасынын эки жеринен грыжа аныкталды. Ошондой эле жүрөгүндө да көйгөй бар экени, кан басымы төмөн экени айтылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл эки айга кесилген.

Жогорку сот 2020-жылдын 30-ноябрында Батукаевге байланыштуу ишти кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM