Бүгүн, 10-январь саат 12.00гө карата шайлоочулардан 11 даттануу түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында кабарлады.
Кайрылуулардын көпчүлүгү техникалык бузуулар тууралуу болгон. Шайназаровдун айтымында, анын баары жоюлду.
Өлкөдө шайлоо өнөктүгү башталгандан бери жалпы 61 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 13 билдирүү, жарандарды массалык ташуу боюнча 2 факты, үгүт маалындагы бузуулар тууралуу 7 кайрылуу, шайлоочулардын укуктарын бузуу боюнча 2 учур, бейбаштык жөнүндө 2 факты, админресурс колдонулганы боюнча 17 кайрылуу болгон, дагы башка жагдайлар боюнча 12 даттануу түшкөн.
«Добуш берүү күнү эч кандай басым болбошу керек. Биздин жарандардын шайлоо укугугун эч ким бузбашы керек. Эгер кайсы шайлоо тилкесинде одоно фактылар орун алган болсо, ошол шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат«, — деди Шайназаров.
Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08.00дө ачылган. Бишкектеги №1221, 7217 шайлоо тилкелеринде үкөктөр иштебей калганы кабарланган.