Connect with us

УКМК: Соцтармактарда таратылган аудио билдирүү экспертизага жөнөтүлөт

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 1207 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда айрым саясатчылардын, президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басыпп алууга багытталган аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM