Биз менен байланышыңыз

Күрөш боюнча машыктыруучулар сыйланды

Кыска кабар , Спорт | 25 Дек 2020 | 809 | 0

Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн күрөш боюнча машыктыруучулар сыйланды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов 24-декабрда сыйлыктарды тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы төмөнкү адамдарга берилди:

  • Азат Эркимбаев, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
  • Улукбек Карачолоков грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу;
  • Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Айбек Монолов, күрөш федерациясынын вице-президенти;
  • Ахрор Иминов, күрөш федерациясынын вице-президенти.

Ошондой эле, кадеттер арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча ага машыктыруучу Үсөналы Рыскулов, өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Нурдин Донбаев агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM