Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 18-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-14, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Нарын дубанында түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…+1 градус болот.