Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында “Маралдын» кабарчысы “Кыргыз бийлиги израилдик лобби компания менен 1 млн долларга келишим түзгөн» деген маалымат тууралуу суроо узатты. Жапаров аны четке кагып, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
-1 ай ичинде көп инвесторду кабыл алдым. Алардын арасында ушул маселе боюнча да бир аксакал келген экен. Анда жөн эле сөз болгон. Инвесторлор үчүн эшигибиз ачык экенин, эки өлкөгө тең пайда алып келген долбоор болсо, иштешүүгө даярбыз деп айтабыз. Ал сунушту алып келген да ошол инвесторлордун бирөөсү экен. Ал Инвестицияларды илгерлертүү агенттигине кайрылыптыр. Тышкы иштер министрлигине кат жазып, аталган инвестор кийин келгенде Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирүүсүнө уруксат берүүсүн өтүнүптүр. Жаңы иштеп баштаган кызматкер билбей калып, ТИМге кат жөнөтүп жибериптир. Өкмөт менен инвестордун ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес, — деди Садыр Жапаров.
«Кыргыз бийлиги израилдик лобби компания менен 1 млн долларга келишим түзгөн»