Биз менен байланышыңыз

Онлайн окутуу: Ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени кантип бекемдесе болот?

Коом | 2 Окт 2020 | 1238 | 0

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирустук пандемия көпчүлүк өлкөлөрдөгү негизги көгөйлөрдү ачык көрсөттү. Кыргызстанда негизинен саламаттыкты сактоо тармагында чоң реформа жасоо керектигин ачыктоо менен бирге билим берүү тармагындагы көйгөйлөр өзгөчө белгилүү болду. Алардын эң башында ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин жок экендиги аныкталгандыгын эксперттер эскертишүүдө. Мына ошол мамилени бекемдөө үчүн кандай иш аракеттер жүргүзүлүшү керек? 

Мектептердеги онлайн окуудан улам балдар менен ата-энелердин ортосундагы сабак аткаруудан келип чыккан түшүнбөстүктөр, кыйынчылыктар ар түрдүү видео жана аудио түрүндө социалдык тармактарда тарап, коомчулукта ар түрдүү талкууларды жаратты. Эксперттердин айтуусунда алар айрымдары гана, себеби кыргыздар үй-бүлөлүк маселелерди көбүнчө ачык айтпай, жаап жашырууга, сырттан караганга идеалдуу үй-бүлө көрсөтүүгө аракет кылып келишет. Билим берүү тармагындагы эксперттер ата-эне баласына кандай мамиле кылыш керектигин эч бир институт үйрөтпөгөндүгүн, ошондуктан коммуникацияны, сүйлөшүүнү, мамиле курууну балдарга да, ата-энелерине да бирдей үйрөтүш керектигин «Баластан» интерактив журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин билдирди.

Онлайн окуу пайда бьолгондон бери билим берүү министрлиги, балдар менен иштеген адистер, мугалимдер бир маселени түшүндү деп ойлойм. Бүгүнкү күндө ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле жок экендигин. Демек, билим берүү мекемелери, министрлик, мектеп мугалимдери ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени калыптандырыш керек. Ата-энелерге да үйдө бала менен кантип иштеш керектигин үйрөтүш керек. Анткени бала жалгыз эле мектептен билим албайт. Мектептен сырткары коомдон, үй-бүлөдөн тарбия алгандыктан билим берүү мекемелери да ушуга көнүл бурса деген ой.

Пандемияга байланыштуу онлайн сабактар аргасыздан өткөрүлүп жаткандыгын билим берүү министрлиги айтып келет. Чындыгында эле кээ бир ата-энелер балдардын онлайн сабагына жардам берип келсе, кээ бирлери кайдыгер карап, баланын организиминде болгон өзгөрүүлөргө карата кандай мамиледе болуу, кандай тарбия берүү керектигин билбегендер бар. Бул маселе министрлик тарабынан анализделип чыккандыгын, ата-энелерге бала менен туура мамиле кылып, үйрөтүү университеттери иштелип чыгып жатканына Билим берүү жана илим министирлигинин башкы адиси Гульшан Абдылдаева токтолду.

Канчалык деңгээлде ата- эне менен кошо баланы тарбияласак, башкача айтканда ата-энелерге балдар менен кантип чогуу иштеш керектигин үйрөтсөк, ошончо чоң жардамын алып келет. Биз класс жетекчилердин программаларына атайын иш жүргүзүп жатабыз. Эгерде бул долбоор жакшы ийгилик алып келсе анда өлкөнүн бүт аймагына жаябыз.

Онлайн окутууда ата-энелердин сабыры жетпей жатканы коомчулукта белгилүү болуп жатат. Сабырсыздыктын баштапкы себеби, ата-энелердин өз баласын өзү бакпагандыктан, буга чейин мындай көрүнүш такыр болбогондуктан жаңы көрүнүш болуп, ата-энелер биринчи карантиндеги окууга караганда учурда бир аз жөнгө салынып калгандыгын психолог Сумая Асанова билдирди.

Бул жерде ата-энени эле балаңа чыдай албайсың деп күнөөлөй албайбыз. Ата-эне ошол эле учурда сыртта жүрүп акча таап, үй оокатын жасап жүргөндүктөн, алардын эң биринчи өзүнүн жан дүйнөсү баш аламан болгондугу себеп болуп жатат. Ата-эне баласы менен отурганга убакыт жетишсиз. Эмнеге дегенде эгерде бала менен отурса, анда сырттагы жумушу калып калат.

Эске салсак, окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүү үчүн ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыш номерлери биринчи карантин убагында иштеп келген. Ошол эле учурда ата-эне менен баланын ортосундагы ар кандай түшүнбөстүктөрдү  жоюу максатында ар бир мектепте психологдор иштеп келет. Бирок чоң шаарлардан башка алыскы аймактарда окуучулар менен иштешкен психологдордун жетишсиз экендиги айтылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM